Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы №17 Сатыбалды Далбаев мектебинде ата-энелер менен мектептин мамилесин жакшыртуу максатында ачык эшик жумалыгы болуп өттү. Жумалыкта ата-энелер балдары менен чогуу катышты.
Деректордун орун басары Гүлназ Камбарали кызынын айтымында, бир жума окуучулардын ата-энелерине ачык эшик жумалыгы уюштурулду.
Жумалыктын ата-энелер, мектеп менен тез-тез байланышып, балдарын көзөмөлгө алуу максатында уюштурулуп жатканын кошумчалады Камбарали кызы.
Жумалыктын биринчи күнүндө «Ата-энем жана мен» деген темада башталгыч класстын окуучулары ата-энелери менен катышып кетишти.
Кийин 5-6-класстар үчүн «Биз шамдагай үй-бүлөбүз» деген темада оюн болду.
7-8-класстар үчүн ата-энелери менен чогуу волейбол оюну болуп өттү.
Даярдаган: Айназик Бообекова