Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинин “Нур баян” тобу Нарын облустук “Манас таануу” сынагынан 3-орунга татыктуу болду. Аталган топ мектептин 8-9-класстардын окуучуларынан түзүлгөн.
Облустук таймашка 10 топ катышкан. 1-орунга Ат-Башы районунун “Арзым” тобу, 2-орунга аталган райондун “Улуу баян” тобу татыса, ал эми 3-орунду Нарын районунун Учкун айылынан барган “Нур баян” тобу ээледи.

«Нур баян» тобунун жетекчиси Гүлмира Жумагулова облусттук сынак калыс өткөнүн белгилеп, райондук тандоо турунда да манасчылар келип тандашса жакшы болоорун айтты.

“Биз облусттук таймашка жакшы деңгээлде даярдандык. Менин оюмча облусттук таймаш калыс өттү. Бул сынактан өткөндөргө Республикалык баскычтан мыкты орундарга жетишине тилектешмин. Эң башкысы калыстык болуш керек. Калыстыкты райондук деңгээлден баштап караш керек. Райондук таймашка да манасчылар келип тандаса жакшы болоор эле”, — дейт Гүлмира Жумагулова.
Таймашка калыс болуп отурган Нурбек Талантбеков баардык топ мыкты даярдыкта экенин жана ар бир команданын эмгегин баалап, калыс чечим чыгаргандыгын билдирди.

“Быйылкы “Манас таануу” таймашына балдар мыкты деңгээлде даярданышыптыр. Былтыр да Республикалык таймаштан Нарын районунун “Алтай тобу” баш байге, “Улуу баян” экинчи орунга жетишкен болчу. Ошол балдардын деми буларда да бар экен. Биз ар бир топтун эмгегин баалап, калыс чечим чыгарганга аракет кылдык”, — дейт Нурбек Талантбеков.

Быйылкы жылкы тайманка катышкан “Нур баян” тобунун топ башчысы Айдай Темирбекова быйылкы республикалык таймашка барбай калганына өкүнгөн жокпуз дейт. «Эмдиги жылы жакшы дем менен даярданып, республикага жолдомо алабыз деп ишенем”, — деген оюн айтты ал.
Бирок сынакка катышкан топтордун айрымдары башка командаларга суроолор жеңил түзүлүп, бир аз кемчиликтер кетти деп айтышты.
Даярдаган: Нурзат Адилет кызы
Сынак үчүн
НМ