Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Найзабек Мукамбет уулу “Жоокер ыры” сынагынын “Көркөм окуу” номинациясы боюнча биринчи орун ээледи. Аталган сынакта “Патриоттук ырлар”, “Жоокер ыры”, “Көркөм окуу” номинациялары боюнча ат салышышты. Облустук таймашка жалпы 9 окуучу катышкан.
Сынак төрт баскычта өтөт. Алгач өрөөндүк, райондук, облусттук баскычты багындырып, анан республикалык таймашка жолдомо алат. Республикалык таймаш 18-19-апрелде Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.
Облустук сынактан биринчи орунга ээ болгон Найзабек Мукамбет уулу “Майдангердин эскерүүсү” деген ырды сахналаштырып окуп берген. Анын айтымында облусттук сынак калыс, адилеттүү өткөн.
“Мен облустук сынакка катышаардан мурун, райондук сынакты утуп чыккам. Ал эми облустук сынакка ошол райондук таймашта кетирген каталарымды оңдоп, дагы жакшы деңгээлде даярдандым”, — дейт Найзабек Мукамбет уулу.
Ал эми мугалими Назира Касымбекова да бул сынак калыс өткөнүн белгилеп, окуучусунун эмгегинин акыбети кайтып, республикалык таймаштан жакшы орун алат деп ишенет.
“Биз бул сынакка абдан даярдандык. Күнү-түнү формаларын издеп, медалдарын таап, сакал-мурутун кол менен жасап чыкты. Ошол эмгеги бүгүн бааланып отурат. Ийгилик каалайм окуучума”, — дейт Касымбекова.
Аталган сынактын калыстары баарына ыраазычылык билдирип, кийинки баскычка өткөн окуучулардын баарына жеңиш менен кайтып, облустун жүзүн коргоп келүүсүн айтышты. Бул алган жеңиши окуучулардын мойнуна артылган ишеним, эмгектенүү жана чоң жоопкерчилик экенин белгилешти.
Сынакка катышкан окуучуларга дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Ошону менен бирге мугалимдерге да диплом, грамоталар ыйгарылды.
Ал эми сынакка колдоп, көргөнү келген окуучулар бул сынак калыс өттү, бирок айрым кемчиликтер болгонун жана кээ бир катышуучулар ырдаарда музыкасын жакшы коё албай, айрым каталыктар болгонун айта кетишти.
Даярдаган: Марал Казиева
Сынак үчүн
НМ