Ноокат районунун Телман айылында эки элди достоштуруп туруучу көпүрө курулду. Ал үчүн айыл тургундары долбоор жазышкан.

Курулуштун башчысы Рыспай Алимовдун айтымында, көпүрө элдин өкмөткө жазган долбоорунун арты менен салынып жатат. «Эки айылдын тургундарына чоң пайдасын жана таасирин тийгизет деген терең ишеничтемин», — дейт Рыспай Алимов.
Көпүрө Телман жана Көтөрмө айылдарынын тургундарын бириктирип турат.

Курулушта иштеп жаткан Мирбек Жээнбеков көпүрө салына баштаганына аз эле убакыт болгонун айтат. «Ошондой болсо да тез арада бүтүрүп берүүгө аракет жасайбыз», — дейт ал.

Көпүрөнүн асты цемент менен куюлган. Бул жердеги кызматкерлер үчүн атайын тамактана турчу жер бар.
Айыл тургуну Хадича Арапбай кызы көпүрөнүн салынышына кубанычын жашырган жок. «Анткени суу улуу келгенде сайдан ашып кетип элге терс таасирин тийгизчү», — дейт айыл тургуну Арапбай кызы.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК