Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынын Сопиев атындагы орто мектебинин бакчасына жазга карата көчөттөр отургузулду. Бакчага көк теректин, кара жыгачтын жана Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү тигилди.
Көк теректерди 7-«а» жана «б» класстары биргелешип олтургузушту.
Мектеп директору Алик Мамытов алдыда дагы мөмө-жемиштерди жана башка алма, карагат, жашылчаларды олтургуздураарын айтты.
“Мына, жаз – жарыш, күз – күрөш – дегендей, жазга даярданып, жашылдандырууну баштадык. Мектепти да жашылдандырыш үчүн районо бизге көптөгөн көчөттөрдү берген. Мектепке 200 түп көк терек, 35 түп Тянь-Шань карагайын, ошондой эле кара жыгач олтургузулду. Эми бакчадан дагы өлчөп көрсөк 25 соток жер бар экен, ал жерге ФАО уюмуна сүйлөшүп, алманын көчөттөрүн алмай болдук. Мектепти жашылдандырсак кайта өзүбүзгө жакшы, теректер курулуш маиериалы болуп берет, мектепке кооздук берет. Былтыр карагат олтургузганбыз, сабиз сепкенбиз. Балдар өтө кызуу деңгээлде берилип иштеп беришти. Эми дагы жакшы көчөттөрдү алуу үчүн демөөрчү издөө керек болуп калды”, – деп билдирди мектеп мүдүрү Мамытов.
Мектептин сүрөт сабыгынан берген мугалими Акыл Турсуналиев жашылдандырсак өз айылыбызга, мектебибизге көрк берип, көп пайдасы тиет дейт.
“Бизде азыр “Ысык-Көлүм – ыйык мурасым” деген айлык жүрүп жатат , ошого да карата жүрүп жатат. Балдардын өздөрүнүн иштегени өздөрүнө жакшы, бир чети үйрөнөт, олтургузуунун эрежелерин билип алат, жашылдандыруунун өзү эле жакшы”, – деди Турсуналиев.
Аталган мектептин 7-а классынын окуучусу Кишимкан Рысбек кызы олтургузган теректер өсүп, кийинки муунга калат деген ишеничте.
“Бул көчөттөр «а» жана «б» класстын ынтымагынын артынан олтургузулду, өзүбүзгө да аябай көңүлдүү болуп, олтургузуу шарттарын да билип алдык. Кийинки муундарга, бөбөктөрүбүзгө биз чоңоюп калган теректерди көргөзүп, биз олтургузган теректер деп айтабыз”, – деп өз оюн билдирди Рысбек кызы.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова
Сынак үчүн
АА