12-апрель космонавтика күнүнө карата реферат, плакат жана кол өнөрчүлүк сынагы болду. Анда Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары кече өткөрүштү.
Сатыбалды Далбаев мектебинин 5-11-классынын окуучулары плакат чыгарышты. А буклеттерди 10-11-классы жасады.
10-классынын окуучусу Бакыт Шермат уулу чоподон ракета жана башка буюмдарды жасап келген.
«Мен бул нерселерди ылайдан, чоподон жасадым, себеби кызыгам. Колумдан келгенче аракет кылдым. Менден кенжелерге жакшы үлгү болсом дейм», — дейт Бакыт.
Ооган-Талаа ЖМБнын волонтерлору атайын окуучулар үчүн кече өткөрдү. Анда окуучулар аттарын жылдыз деп атап, космоско тиешелүү ыр саптарды айтып өттү.
Кече оюндар менен коштолуп, белек берилди. 11-классынын окуучусу Эламан Алиев оюнга катышып белеке ээ болду.
«Мен сүрөт тартканга кызыгам, андыктан маркер мага керек болот деп ойлойм», — деди күлүп жаш сүрөтчү.
Кыздар кечеде көрүүчүлөргө заманбап бий тартуулашты.
13-апрель жумалык жыйынтыкталып, активдүү катышкан окуучулар грамота менен сыйланды.
Автору: Айсулуу Эркинбекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды