Жыйынга Базар-Коргон районунун акими катышты. Могол айыл аймагынын тургундары өз суроосуна жооп алышты. 2015- жылдын жыйынтыгына карата мыктылар грамота алды.
Аким Таалай Дөлдөев элдин суроолоруна жооп берди.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов 2015-жылда ишке ашкан жана аткарылган жумуштар боюнча отчёт берди.
2015-жылда мыкты аткарган иштери үчүн райондук грамота менен мектеп директору жана мугалимдери, даарыгерлер, китепканачы, айыл өкмөтү, айыл башчы сыйланды.
Жыйынга Могол аймагына караштуу жети айылдын эли катышты.
Автору: Айсулуу Эркинбекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды