Түп районунда 30- июнда бардык мектептерде 9 жана 11- класстын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк , аттестат жана ЖРТ тестеринин жыйынтык баракчалары тапшырылды.
2025-жылда 9-классты бүткөн 1190 окуучуга күбөлүк, анын ичинен 33 бүтүрүүчү Кызыл күбөлүк алды.
11-класстын 750 бүтүрүүчүсүнө, жетилүү аттестатын, анын ичинен — 21 бүтүрүүчү Кызыл аттестат алды,- деди Түп районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сейит Абдылдаев.
Бүтүрүүчүлөрдүн арасында 200 дөн ашык упай топтогон, райондун намысын коргогон төмөнкүлөр бар:
1.N13 Б.Королиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Акылбекова Асема Кубатовна ЖРТдан 207 баллды багындырды.
2.Ж.Мукамбаев мектеби Бектенова Аделя Алмазбековна 204 балл алды.
3. Асаналиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин 11а-классынын бүтүрүүчүсү Жуманов Аслан Муратжанович Жалпы республикалык тестирлөөдөн 201 упай алды
4.Ж.Мукамбаев мектеби, Сулайманова Нурай Сулаймановна ЖРТ 200 балл алды.



Мыктылардын мыктыларына ийгилик каалайбыз.
Муратбек Жумакадыров, Айназик Кубатбекова