2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен ЖРТ тапшырган 54 бүтүрүүчү эң жогорку жыйынтыкты көрсөтүп «Алтын сертификаттын» ээси болсо, алардын бирөө Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Акмарал Азаматова болду.

«Алтын сертификатка» ээ болгон Акмарал Азаматова
Акмарал Азаматова Жалпы республикалык тестирлөөдөн 232 упай топтоп, эң мыкты окуган 54 абитуриенттин катарына кирди. Ийгилик жараткан окуучу буга чейин Борбор Азиядагы Америка университетине сынактарга катышып келген. Мектепти кызыл аттестат менен аяктады.Алдына так максат коюш керек деген пикирди айтып кетти.

Н.Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияттан мугалими Айнура Касымалиева
Алтын сертификатка ээ болгон окуучуну Н.Жүндүбаева атындагы орус тили жана адабияттан мугалими Айнура Касымалиева, математика сабагынан Жанара Асанова даярдашкан.

Н.Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин математика мугалими Жанара Асанова
Ошондой эле үч окуучу 200дөн жогору балл топтошкон.

217-баллды топтогон Мырза Болотбеков

210-балл топтогон Альбина Акматказиева
Алар:
Нурия Карымбаева