Жайдын ысык күндөрү башталышы менен табигый азыктар көп колдонулат, бирок ушул эле маалда адам ден соолугуна олуттуу зыян келтирген ичеги-карын инфекциялары да көбөйөт. Кыргызстанда жай мезгилинде ичеги-карын инфекциялары менен ооругандардын саны башка мезгилдерге салыштырмалуу 2-3 эсеге жогорулайт. Айрыкча жаш балдар жана кары-картаңдар тобокелдик тобуна кирет.

Ичеги-карын инфекциялары — ичегиде пайда болуп, адамдын жалпы ден соолугуна терс таасир эткен бактериялардын, вирустардын же паразиттердин айынан келип чыккан оорулар. Бул оорулар ичи өтүү, кусуу, ичтин оорушу, табиттин жоголушу жана дене табынын көтөрүлүшү менен коштолот.
Мындай инфекциялар эң көп 2 жашка чейинки балдар арасында кездешет. Алар чоңдорго караганда көп жабыркашат. Мунун себеби – балдардын иммунитети толук калыптана электигинде.
Ичеги-карын инфекциялардын негизги түрлөрү:
• Сальмонеллёз
• Шигеллёз (дизентерия)
• Ротавирус жана норовирус инфекциялары
• Коли инфекциясы (E. coli)
• Гельминттер (курттар) менен жугуштуу оорулар
Ичеги-карын ооруларынын ичинен сальмонеллёз эң кеңири таралган жана өтө кооптуу түрү катары өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Бул дарт төмөнкү негизги жолдор менен жугат:
1.Тамак-аш аркылуу – жетиштүү бышпаган эт, жумуртка, сүт, кир жашылча-жемиштер.
2. Суу аркылуу – тазаланбаган же кайнатылбаган ичүүчү суу, коопсуз эмес көлмөлөрдө сүзүү.
3. Тиричилик жолу менен – кир кол, идиштер, оюнчуктар жана үй тиричилигиндеги буюмдар аркылуу.
4. Жугуштуу адамдар аркылуу: Сальмонелла жуктуруп алган адам менен идиш, сүлгү, оюнчук бөлүшүү.
5. Жаныбарлар менен байланышта: Айрыкча үйдө кармалган ташбака, тоок, мышык, ит менен байланышта болуу.
Башкы белгилери: кайталанган кусуу, катуу ич өтүү, жогорку дене табы, калтырак жана күчтүү алсыроо. Балдар менен улгайган адамдарда организмдин бат суу жоготуусу оор абалга алып келиши мүмкүн. Оорунун узактыгы көп учурда 4–7 күнгө чейин созулат.
Сактануу жолдору:
•Тоок эти, жумуртка жана сүт азыктарын толук бышырып же кайнатып гана колдонуу;
•Жумуртканын кабыгын жууп, чийки түрүндө ичпөө;
•Бышкан жана чийки азыктарды ажыратып сактоо;
•Колдорду, идиш-аякты жана кесүүчү тактайларды ар дайым таза кармоо;
• Белгилери байкалса, өз алдынча дарыланбай, сөзсүз дарыгерге кайрылуу.
Эгерде ичеги-карын инфекциясынын белгилери – жогорку дене табы, кусуу, ич өтүү – байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылуу керек. Себеби бул оорулар жеңил көрүнгөнү менен оорулууну тез арада начар абалга алып келиши мүмкүн.
Эсиңизде болсун: Жай — эс алуу мезгили гана эмес, коркунучтар да көп кездешүүчү убак. Сиздин сактыгыңыз жана билимиңиз үй-бүлөңүздүн саламаттыгына түздөн-түз таасир берет.
Айпери Марлесова