2024-жылдын 4-5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Концепциясын турмушка ашыруу максатында өткөрүлгөн “Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!” аттуу аймактар аралык ыр, жекече бий жана музыкалык аспаптарда ойноо сынагынын республикалык этабы жыйынтыкталды.
Салтка айланган бул сынак көп жылдан бери “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Быйылкы сынак да Улуттук телерадиоберүү корпорациясында белгилүү эстрада ырчылары, музыкант-композиторлор, маданият ишмерлеринин жана музыкалык эксперттердин катышуусунда өткөрүлдү. Аймактардан келген жаш таланттар 2 жаш курак боюнча күч сынашты.
Бул сынакка Баткен облусунун командасы да катышты. Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун “Арууке” бий тобунун окуучусу Бердимуратова Согдиана бий жанры боюнча 3-орунду камсыздады. Даярдаган мугалими Анаркулова Зарбүбү Газбековна.
Ал эми баш байгени Лейлек райондук “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун вокал ийриминин окуучусу Саида Нуржан Авазтегин ыр гана эмес, бий, музыкалык аспаптарда ойноо жанрларынан да ашып өтүп жеңүүчү аталды. Даярдаган мугалими Асраров Аскар Пазылович.