Жыл сайын белгиленчү дүйнөлүк медиа жана маалымат сабаттуулук жумалыгы бул жылы 24–октябрдан 31-октябрга чейин созулду. Жумалыктын алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Медиа жана маалымат сабаттуулугун илгерилетүүдө Жамааттык медиа дагы күн сайын бирден иш-чара пландаган. Аларды тизмектеп айтып беребиз.
1-күн. Аталган жумалыктын биринчи күнү Жамааттык медиа студиясында “Эл Собол” программасында Дүйнөлүк медиа жана маалымат сабаттуулуктун жумалыгы-туурасында түз эфир уюштурулду. Анда медиа жана маалыматтык сабаттуулук жумалыгынын тарыхы, бүгүнкү күндөгү мааниси жана азыр жарандар эмнеге көңүл бурушу керектиги туурасында маектешүү болду. Конок катары эфирге Медиа эксперт Тынымгүл Эшиева чакырылган. Маекти толук бул шилтеме аркылуу көрө аласыз.
2-күн. Учурда социалдык медиа аркылуу жарандарды алдаган шылуундар көбөйдү. Жана алар улам түрдүү ыкмаларды ойлоп таап, кылтагына илгенге жөндөмдүү келишет. Бул жолу дээрлик жаңы ишке кирип жаткан алдамчылык туурасында жарандарга түшүндүрүүчү “Телеграм тиркемеси аркылуу шылуундардын тузагына илинип калбаңыз!”-деген карточка даярдалды.
3-күн. Социалдык медиа колдонуучулары үчүн “ Ар бир адам медиа сабаттуу болуш үчүн эмне кылышы керек?”-деген чакан викторина өткөрүлдү. Жаш курагында чектөө жок бул сынакка дээрлик ар кайсы курактын өкүлдөрү катышып, атайын программанын негизинде жеңүүчүлөр аныкталып белектерди утуп алышты.
4-күн. Аймактарда жайгашкан Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрү жана ыктыярчылары үчүн медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча вебинар болду. Катышуучулар жалган маалыматтарды таануу жана аларга каршы туруу көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган билим жана көндүмдөрдү ээ болушту. Вебинар тууралуу постту бул жерден окуңуз.
5-күн. Студенттер үчүн мастер класс өтүлдү. Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин тренерлери Назира Жусупова жана Тимурлан Мелисбеков К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин студенттерине медиасабаттуулук боюнча мастер класс өтүштү. Студенттер сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүп, жалган маалыматтарды таануу жана аларга каршы туруу көндүмдөрүн үйрөнө алышты.
6-күн. Студенттер жана жаш жарандык активисттер менен кино талкуу өтүлдү. Жаштар фильмди медиа сабаттуулук оптикасында карап талкуулашты. Ошондой эле алар медиа сабаттуулуктун жоктугунан, маалыматты талдабагандын кесепетинен канчалаган жарандар жабыр тартып, орчундуу зыяндарга кабылып жатышканын белгилешти. Алардын ой пикирлерин бул видеодон көрсөңүз болот.
7-күн. Жумалыктын акыркы күнү Жамааттык медиа студиясында “Акындар жана медиа сабаттуулук”-темасында төкмө акын Жамайка Токонова менен түз эфир өтүп жыйынтыкталды. Эфир учурунда акындардын медиа сабаттуулукту жайылтууда орду чоң экени белгиленип, алар бул багытта максаттарга жетүүдө жакшы жакка өзгөртүүлөрдү жасай алышарына токтолду. Ошондой эле учурда ар бир адам контент жарата алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эске алуу менен жоопкерчиликти дагы сезе билиши маанилүү. Түз эфирди толук ютуб каналдан көрө аласыз.
Айгерим Кубатбекова