Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде орус тили жумалыгы уюштурулду.Жумалыктын алкагында окуучулар орус тилинде ырдап, бийлеп, көркөм өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар орус элинин каада-салттары жана үрп-адаттары менен кеңири таанышышты.

Мындан сырткары, окуучулар тарабынан даярдалган плакаттар көргөзмөгө коюлуп, ар түрдүү чыгармачыл иштер сунушталды. Жумалык жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн кызыктуу жана эсте каларлык болду.
Иш-чаранын соңунда активдүү катышкан окуучуларга белектер тапшырылды.
Даярдаган: Сагынбаева Айдай