Ак-Талаа районунда жазгы айдап-себүү иштерине карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн болжолдуу түзүмү бекитилди. Район боюнча өткөн жылы 5115 гектар аянтка дан өсүмдүктөрү, ал эми 10317 гектар жерге көп жылдык өсүмдүктөр айдалган. Быйыл дан өсүмдүктөрүн 5241 гектарга айдоо пландалууда, бул былтыркыга салыштырмалуу 136 гектарга көп.

Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Айжамал Кадыркулованын маалыматына ылайык, учурда аймактарда жазгы талаа иштерине даярдыктар жүрүп жатат.

Жазгы талаа иштери
Анын айтымында, мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу районго 122 900 литр дизель отуну бөлүнүп, дыйкандарга 74 сомдон сатылууда. Бүгүнкү күнгө чейин анын 7000 литри таратылды. Мындан тышкары, райондогу «Бишкек Петролеум» май куюучу жайларында дизель отуну 80 сомдон сатылып жатат.
Ошондой эле айыл чарба техникаларынын 80 пайызы жазгы талаа иштерине чыгууга даяр экени белгиленди. Адис бекитилген болжолдуу түзүмгө айрым өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн экенин да кошумчалады.
Маалыматка ылайык, район аймагында жазгы айдап-себүү иштери 15-апрелден башталат.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова
156