Өлкө аймагында 20-марттан 10-апрелге чейин айыл чарбасынын абалы жөнүндө толук жана так маалымат алууга багытталган белгиленген тартипте айыл чарба каттоосу жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, каттоо тармактын учурдагы абалын объективдүү баалоого жана айыл чарба тармагында негизделген чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Бул тууралуу Ормон Хан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын каттоочусу Аида Талант кызы буларга токтолду:

Аида Талант кызы иш учурунда
«Каттоо 20-марттан 10-апрелге чейин жүргүзүлөт. Айыл тургундары ушул мөөнөткө чейин айыл чарба китеби боюнча милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү зарыл. Сурамжылоого жеке көмөкчү чарбалар, дыйкан чарбалары, алардын жетекчилери, жеке ишкерлер жана ижарачылар катышып, талап кылынган маалыматтарды беришет.
Каттоо толугу менен электрондук форматта жүргүзүлөт. Чарба башчылары жер аянты тууралуу маалыматтарды жана тастыктоочу документтерди алып келиши керек. Сурамжылоо каттоочунун жеке маеги аркылуу жүргүзүлөт, кагаз жүзүндө эмес, санарип форматта жүргүзүлөт», — деди ал.

Ошондой эле ал маалымат берүүчүлөрдүн купуялуулугу толук сакталарына токтолду:
«Учурдан пайдаланып Кара-Суу айылынын тургундарына кайрылгым келет. Айрым тургундар өздөрүнүн үлүш жерлери тууралуу так маалыматка ээ эмес. Айрыкча Сулайманов, Эдигеев, Султакеев көчөлөрүндө үлүш жерлер кол өзгөрткөн учурлар бар. Ошондуктан аталган аймактардагы жер үлүштөрүн пайдаланган жарандар каттоочуларга маалымат берүүсүн өтүнөбүз. Каттоо белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталып, отчёт берилет», — деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Арзымат Токтобеков