28-март күнү Дөбөлү айыл өкмөтүнүн демилгеси менен Өмүр Токтосунов атындагы орто мектептин мугалимдери жана эмгек жамаатынын катышуусунда ишембилик өткөрүлдү. Тазалоо иштери Дөбөлү айылынын башынан тартып Алыш айылына чейинки жолдун жээктерин камтыды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жол жээгинде топтолгон таштандылар — пластик, кагаз жана айнек калдыктары толугу менен тазаланды. Натыйжада жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүлдү.
Мындан тышкары, жаратылышты коргоо жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө максатында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Даярдаган: Индира Мөндүрбаева