Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында жергиликтүү дыйкандарды колдоо максатында дизель отуну жеңилдетилген баада берилүүдө. Суусамыр айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, дыйкандарга дизель отуну 74 сомдон сунушталууда. Бул жардам жыл сайын уюштурулуп, айыл чарба иштерин жүргүзүүдө дыйкандар үчүн маанилүү колдоо болуп келет.
Дизель отунун алууну каалаган жарандар Суусамыр айыл өкмөтүнө кайрылып, атайын арыз толтуруп, кезекке турушу зарыл. Кезеги келген учурда алар талон аркылуу керектүү өлчөмдөгү дизель отунун ала алышат.
Белгилей кетсек, буга чейин Суусамыр айыл өкмөтү жергиликтүү дыйкандарга үрөндүк арпа алууда да көмөк көрсөтүп, анын 50 пайызын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылаган.

Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна