Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр жалпы билим берүү мектебинде кургак учукка каршы жумалык уюштурулду.
Жумалыктын алкагында окуучуларга жана мугалимдерге кургак учуктун алдын алуу жолдору, жугуу механизмдери, негизги белгилери жана дарылоо ыкмалары тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле түшүндүрүү сабактары, презентациялар жана ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, катышуучулар оорунун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири түшүнүк алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан окуучулар сыйлыктар менен сыйланышты.
Даярдаган: Айдай Сагынбаева