Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Апылов — өлкөнүн спорт тармагында өз ордун тапкан, көп жылдык тажрыйбасы менен жаш муундарды тарбиялап келе жаткан кадыр-барктуу устат.

Ал 1959-жылы 22-декабрда Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында төрөлгөн. Спортко болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, бул жолго түшүүсүнө агасы Шержигит чоң таасир берген. Кийинчерээк анын спорттук тагдырын аныктаган устаттары: Кубан Жолоевич Сапаков, Сабыр Усупович Усупов жана Раджап Жанаев болуп, алар жаш спортчунун калыптанышына, тарбиясына жана кесип тандоосуна чоң түрткү беришкен.
Кесипке берилгендик жана узак жол
Мелис Апылов 1986-жылдан бери эркин күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенип келет. Бул аралыкта ал ондогон жылдык тажрыйба топтоп, быйылкы жылы 40 жылдык эмгек жолун белгилөөнүн алдында турат.
Ушул жылдар аралыгында ал көптөгөн спортчуларды тарбиялап, алардын арасынан республикалык жана эл аралык деңгээлдеги жеңүүчүлөрдү өстүрдү. Анын алгачкы окуучулары: Нурбек Отунчиев, Алмаз Тентимишов, Мирлан Бейшеев, Улан Сакманбетов, Акылбек Сулайманов, бүгүнкү күндө да устатынын эмгегин уланткан татыктуу инсандар катары белгилүү.
Ошондой эле Айбек Усупов, Саякбай Усупов, Максат Абакиров сыяктуу спортчулар жогорку жетишкендиктерге жетишип, машыктыруучунун сыймыгына айланган. Учурда да жаш муундардын арасынан Айтеңир Максатов жана Ислам Русланов сыяктуу келечектүү спортчулар өсүп келе жатат.

Мелис Апылов Айтеңир Максатов менен
Чыныгы жетишкендик — тарбияланган инсан
Машыктыруучунун айтымында, спорттогу эң чоң ийгилик — бул медалдар гана эмес, туура тарбия алган инсан.
Мелис Апылов өзүнүн эң чоң жетишкендиги катары намыскөй, мекенчил жана тартиптүү жаштарды тарбиялап жатканын белгилейт. Анын тарбиясынан чыккан 3 спортчу эл аралык даражадагы спорттун чебери болгон.
Айрыкча Айбек Касмамбетовдун жетишкендиги өзгөчө белгиленет. Ал күрөштүн 6 түрүнөн спорттун чебери болуп, сумо боюнча эл аралык даражадагы спорттун чебери атанган. Ал Кыргызстандагы 6 спорттун түрүнөн спорт чебери болгон жалгыз спортчу.
Спорт жана тарбия
Бүгүнкү күндө жаштардын спортко болгон кызыгуусу жогорулап жатканын машыктыруучу кубануу менен белгилейт. Анын пикиринде, спорт жөн гана дене тарбия эмес, ал — жашоонун маңызы.
Спорт жаштарды тартипке, сабырдуулукка, эмгекчилдикке жана патриоттук сезимге тарбиялайт. Ошондой эле турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет.
Жаш спортчуларга ал дайыма төмөнкүдөй кеңеш берет:
«Спортту сүйгүлө, тынымсыз машыгып, жаман адаттардан алыс болгула. Спорт менен жашагыла».

Кыйынчылыктар жана жоопкерчилик
Узак жылдык эмгек жолунда ар кандай сыноолор болгону менен, Мелис Апылов үчүн эң маанилүүсү — туруктуулук жана ишке болгон берилгендик.
Ал окуучуларын тарбиялоодо мотивацияга өзгөчө көңүл бурат. Ийгиликке жеткен инсандардын өмүр баянын айтып берүү аркылуу жаштарды шыктандырат. Мындан тышкары, ата-энени урматтоо, тартип сактоо жана жаман адаттардан алыс болуу сыяктуу баалуулуктарды дайыма эскертип турат.
Аймактык спорт: жетишкендиктер жана маселелер
Балыкчы шаарында спорт тармагында оң өзгөрүүлөр болуп жатканы менен, айрым көйгөйлөр да бар экенин белгилейт. Айрыкча бардык спорт түрлөрүнө бирдей мамиле жасалып, жыйынтык көрсөткөндөр жетиштүү деңгээлде бааланбай жаткандыгы көңүлдү оорутат.
Анын пикиринде, натыйжа көрсөткөн спортчуларды жана машыктыруучуларды колдоо, стимул берүү — спорттун мындан ары өнүгүшүнүн негизги фактору.
Ошондой эле жеңил атлетика сыяктуу айрым спорт түрлөрүнө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилейт.
Келечекке карай ишеним
Мелис Апылов келечекте Балыкчы шаарынан Олимпиада чемпионун чыгарууну максат кылат.
Анын эң чоң кыялы — Балыкчы шаарын күрөш боюнча ири спорт борборуна айлантуу. Бул жерде таланттуу спортчулар өсүп чыгып, тажрыйбалуу машыктыруучулар топтолуп, өлкө намысын коргой турган күчтүү муун калыптанса деген тилеги бар.

Мелис Апылов — бул жөн гана машыктыруучу эмес, ал жаштарды тарбиялаган устат, багыт көрсөткөн лидер. Анын көп жылдык эмгеги жана тажрыйбасы кыргыз спортунун келечеги үчүн чоң мааниге ээ.

Даярдаган: Зубаржад Жалилова