Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин жыйындар залында Агартуу министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин табигый илимдер боюнча координаторлору тренинг өтүп беришти.
Тренингдин максаты, методисттер жана педагогдор жаңы окуу китептери менен кандай иштеш керек. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемесинин табигый илимдер боюнча координатору Жамангулова Гүлнара Үсөнбековна төмөнкүдөй маалымат берди.

Жамангулова Гүлнара Үсөнбековна
«12 жылдык окууга өтүү жөнүндө концепция эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү практикаларына негизденип, эксперттердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Анын максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучуларда зарыл болгон заманбап көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо. Учурда биз Кочкор жана Жумгал райондорунун мугалимдерине жана методисттерине жалпы эле табигый илимдер боюнча окуу китептери же болбосо окуу -методикалык комплекси ушул комплекстин негизги түзүмү өзгөчөлүктөрү жана жалпы ушул адаптацияланып жаткан окуу китептердин иштери кандай жүргүзүлөт, эксперттик иштери кандайча жүргүзүлөт, ошондой эле окуу -методикалык колдонмонун ичиндеги стратегиялар, моделдер, методдар жана алардын артыкчылыктары эмнеде. Андан сырткары жалпы эле окуу- методикалык комплексинин Кыргызстандын билим берүү стандартына шайкештиги тууралуу малыматтарды берип семинар тренинг өтүп жатабыз».

Тренингдин катышуучулары
Семинар-тренингке райондогу 35 мектептен 100 дөн ашык табигый илимдер предметинин мугалимдери катышты. Алар өздөрүнө керектүү маалыматтарды алышып, кызыктырган суроолорун беришип жооп алышты.

Ал эми семинар-тренингдин экинчи бөлүгү практикалык форматта өттү. Педагодор топторго бөлүнүп окуу китептерин талкуулап, алардын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин баса белгилешти. Эске сала кетсек «Табигый илимдер» предмети боюнча окуу китеби жалпысынан 144 965 нускада басылып чыкты. Окуу китептерин адаптациялоо жана басып чыгаруу иштерин Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү жүргүздү. Ал эми адаптацияга катышкан эксперттердин ишин «Секторду өнүктүрүү долбоору: мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоору координациялаган.
Даярдаган: Жасмина Кубатбекова