Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын негизинде өткөрүлүп жаткан “Мен Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам” аттуу аймактар аралык балдардын кароо-сынагынын облустук туру жыйынтыкталды. 2026-жылдын 27-мартында Жалал-Абад облустук балдар чыгармачылык үйүндө өткөн бул салтанаттуу иш-чарада Токтогул районунун намысын коргогон жаш таланттар өздөрүнүн даярдыгын көрсөтүп, байгелүү орундарга ээ болушту.

Сынактын жыйынтыгында Токтогул районунун окуучулары төмөнкүдөй ийгиликтерди жаратышты:
🏆 Хореография номинациясы боюнча:
Кадырбекова Айбийке – 12-14 жаш курактык категориясында, I даражадагы диплом жана 1-орунду багындырды.
Турдукулова Жазнура — 15-17 жаш курактык категориясында, 3 даражадагы диплом жана 3-орунду ээледи. Чаргынов мектеби
🏆 Улуттук аспапта ойноо номинациясы боюнча:
Бузурманкулова Кызжибек – 15-17 жаш курактык тобунда кыргыздын улуттук аспабында чебер ойноп, I даражадагы дипломго жана 1-орунга татыктуу болду.
Сотонкулова Акбермет – 7-11 жаш курактык тобунда III даражадагы диплом менен сыйланып, 3-орунду ээледи. Ормонбеков мектеби
🏆 Вокал номинациясы боюнча:
Калдаржанова Аймайрам – 12-14 жаш курактык категориясында мыкты үнү жана аткаруусу менен I даражадагы дипломду жана 1-орунду жеңип алды. Чодошев мектеби
Кожобергенова Нурсулуу – 7-11 жаш курактык тобунда II даражадагы дипломго ээ болуп, 2-орунду камсыз кылды.

«Бул ийгиликтер Токтогул районундагы жаш таланттардын потенциалы жогору экенин жана мугалимдердин талыкпаган эмгегин айгинелейт. Жеңүүчүлөр облустук деңгээлдеги калыстар тобунун жогорку баасына татышып, райондун аброюн көтөрүп, Республикага жолдомо утуп алышты. Буюрса жакшы орундарга жетишип Токтогул районунун атын чыгарат деген ишеничтемин» дейт Балдар чыгармачылык үйүнүн жетекчиси Айнура Абдрахманова.
Даярдаган: Азема Кудуева