Токтогулда Кыргыз Республикасынын мектеп лигасынын волейбол боюнча балдар жана кыздар арасында турнир болуп өттү. 2026-жылдын 26–27-март күндөрү өткөн мелдешке район боюнча 24 мектептин командалары катышышты. Мелдешти Токтогул райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби өткөрдү.

Балдар арасында жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
🥇 1-орун — Бекназар атындагы орто мектеби, Кызыл-Ураан айылы
(облустук этапка жолдомо алды)
🥈 2-орун — Мулкубат атындагы орто мектеби, Кызыл-Туу, Токтогул шаары
🥉 3-орун — Данканай атындагы орто мектеби, Чолпон-Ата айылы
🏅 4-орун — Жаманкулов атындагы орто мектеби, Кара-Күңгөй айылы

Кыздар арасындагы мелдешке мектеп лига сайтына катталган 28 команда катышып, оюндар Токтогул шаарына караштуу 4 мектептин — Токтогул, Боконбаев, Умаров жана Иманбаев атындагы орто мектептердин спорт залдарында өттү.

«Кыздар жана балдар арасындагы волейбол жылдан-жылга өсүп, деңгээли жогорулап бара жатканын оюндар дагы бир жолу далилдеди. Командалар кызыктуу, атаандаштыкка бай оюн көрсөтүштү. Ошондой эле, мектеп лигасынын райондук этабын жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүп берген Токтогул райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз» дейт дене-тарбия мугалими Анарбек уулу Кубанычбек

Кыздар арасында жыйынтык төмөндөгүдөй болду.
🥇 1-орун — А.Ибраимов атындагы орто мектеби (Өзгөрүш айылы) — облусттук баскычка жолдомо алды
🥈 2-орун — М.Нургазиев атындагы мектеби (Үч-Терек айылы)
🥉 3-орун — С.Нурманбетов атындагы мектеби (Ак-Тектир айылы)
🏅 4-орун — Н.Бримкулов гимназиясы (Токтогул шаары)

Жеңүүчү жана байгелүү орундарды ээлеген командалар райондук билим берүү тармагы тарабынан диплом жана кубоктор менен сыйланышты.
Даярдаган: Азема Кудуева.