Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл өкмөтү быйыл Нооруз майрамына карата уюштурулган сынакта I орунду багындырды. Бул жылы Нооруз майрамы жылдагыдан айырмаланып, жаңы форматта өткөрүлдү. Мурда ар бир айыл өкмөт майрамды өз аймагында өз-өзүнчө белгилеп келсе, быйыл Жайыл районундагы бардык айыл өкмөттөр бириктирилип, майрам жалпы форматта уюштурулду.

Иш-чара Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдында өтүп, ага Жайыл районуна караштуу 6 айыл өкмөт катышты. Катышуучулар үчүн бир нече багыт боюнча сынактар уюштурулуп, ар бир айыл өкмөт өз өнөрүн жана улуттук баалуулуктарын көрсөтүштү.
Жыйынтыгында Суусамыр айыл өкмөтү “Мыкты боз үй” номинациясы боюнча жеңишке жетишип, I орунду ээледи. Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн “Жайыл дасторкону” наамы менен да сыйланды.
Иш-чара улуттук каада-салттарды даңазалоо, аймактар аралык ынтымакты чыңдоо жана Нооруз майрамынын маанисин кеңири жайылтуу максатын көздөдү.
Даярдаган: Айтурган Кубанычбековна