Тасма айылынын тургундары Нооруз майрамын өзгөчө шаң менен белгилешти. Айыл ичинде улуттук оюндар уюштурулуп, дасторкондорго салттуу тамак-аштар коюлду. Майрам элдин биримдигин жана ынтымагын дагы бир жолу бекемдеди.
Тасма айылынын тургуну Дубанаева Жекшекан апа Нооруз боюнча маалыматтарды жана айылда бул майрам кандай өткөрүүлөрү жөнүндө маек берди:

—Нооруз майрамынын тарыхы кайдан башталат?
-Нооруз бул фарс тилинен кирген «наурыз» жаңы жыл деген маанини билдирет. Бул көп жылдар бою 1962-жылдан баштап 21-мартта Нооруз майрамын майрамдоого тыю салынган. 1988- жылдан баштап кайрадан майрамдап башташкан. Бул кыргыздын улуттук майрамы болуп эсептелет. Күн менен түндүн теңелиши же болбосо жаңы жылдын кыргызча келиши болот. Бул достуктун, биримдиктин, бекемдиктин жылы болуп эсептелет. Ошон үчүн кыргыз эли ушул нооруз майрамын өзүлөрүнүн жаңы жылы катары майрамдашат.
—Ноорузда адамдар бири-бирине эмне каалашат?
-Ноорузда токчулукту, молчулукту, барчылыкты бири-бири менен ынтымакташып той катары өткөрүшүп, уруулар арасында нооруз майрамын майрамдашат бири-бирине калоо тилектерди жакшы саналарды айтышат. Бул биримдиктин, достуктун тамак аш ичисүү болуп эсептелет.
—Нооруз майрамы сиздердин айылда кандай өткөрүлөт?
Нооруздун майрамында кыргыздын тамак аштары ичилет. Бул жакта улуттук кийимдерди кийишет. Боз үйлөр тигилип уруулар арасында конкурстар болот. Ар түрдүү улуттук оюндар ордо атмай, чүкө атмай, эр оодарыш жана башка оюндарды ойношуп көңүлдөрүн ачышат.
—Нооруз майрамынын мааниси азыркы жаштар үчүн кандай деп ойлойсуз?
-Азыр жаштар менен убакыт өткөн сайын мурунку эски муундардын көпчүлүгү өтүп кеткенине байланыштуу жаштар муну улуттук майрамды азыркы типте майрамдоого өтүшкөн. Мурунку муундардын майрамына караганда азыркылар жаңыча типте майрамдап калышты. Булар өзүлөрүнүн жаңы майрамы болгондой сезишет.
Аталган айылдын тургуну жана башталгыч класстын мугалими Атагелдиева Элвира ноорузда жасалчу тамак- аштар боюнча айтып берди:

—Ноорузда кандай тамактар жасалат? -Нооруздун тамактарынын бири көжө, сүмөлөк, боорсок, эт кыргызга таандык болгон тамак аштардын баары жасалат.

—Сүмөлөк кандай жасалат?
-Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.
-Ноорузда адамдар эмне кылышат?
-Ноорузда күн жылып, жер жарылып чөп чыгып,айлана кооздукка бөлөнүп күн жылыганына байланыштуу адамдардын баары эшикте ар кандай улуттук оюндарды ойношот.
Жыйынтыгында, Нооруз майрамы Тасма айылында улуттук салттарды даңазалаган, элдин ынтымагын бекемдеген маанилүү майрам катары белгиленди.
Даярдагандар: Жайлообаева Диана, Жайлообаева Жаннат