Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү иштери болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.
Гүлдөрдү 10-«а» жана 10-«б» классынын окуучулары отургузушту жана «биз буларды дайым карап сугарып турабыз» деп сөз беришти.
Окуучу Эрболсун Баратали уулу бул гүлдөр өсүп жетилип гүлдөсө, сүйлөшкөн кыздарыбызга үзүп кетебиз, деп тамашалашты.
Нышанов мектебинин мугалими Буажар Байназарованын айтымында, отургузулган гүлдөр жана ак кайыңдар мектепке чоң таасирин тийгизет, деген ишеничте. «Өзүнүн көрктүүлүгүн берет деген ойдомун», — деп кошумчалады Байназарова.
Айыл тургундары гүлдөр менен ак кайыңдардын мектепке отургузулганын жакшы кабыл алышып, жакшы пикирлерин билдиришти.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн