Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургундары бала бакча жоктугунан кыйынчылыктарга душар болууда. Айылда бала бакчага бара турган балдардын саны 150гө жакын.
Ата-энелер балдарын мектепке даярдыгы жок жөнөткөнгө мажбур болуп жатышканын айтышат. Айыл ичинен бакча курууга да жер бөлүнүп, бирок качан курулуш иштери башталары белгисиз болууда.

“Кыйынчылык эле туудуруп жатат. Бала бакча болуп калса жакшы болмок. Менин 5 балам бар. Бала бакча болсо мектепке даяр болуп барышмак. Эгерде бала бакча курулса колдон келген жардамымды көрсөтөм”, — дейт айыл тургуну Нурзада Шатманалиева.

№13 Коргол Досуев атындагы мектебинин башталгыч классынын мугалими Райхан Иманкулова бала бакчага барган балдар менен барбаган балдардын ортосунда айырмачылык бар экендигин айтат.
“Бала бакчадан балдар өз алдынча жүргөндү, ойногонду, жазганды, бийлегенди үйрөнөт. Бала бакчага барбаган балдар ручканы да кармай албайт, партага отурганды да билбейт. Бизге башталгыч класстын мугалимдерине өтө кыйын. Бала бакча курулуп калса жакшы болмок”, — деген оюн билдирди Иманкулова.

Айылдык кеңештин депутаты Турсумкан Досуева бул боюнча кандай иш жүргүзүп жаткандыгын айтып берди.
”Бала бакча куруу үчүн биздин Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүндө тарых жана маданият жылына карата аракет кылып жатат. Долбоор түзүлдү, долбоор өтүп калса, биздин эл ошол иш чарага жалпы бюджетинен канча бир процентин акчалай чогултуп бериши керек. Анан курулуш иштери башталат”, — деген кабарды бизге билдирди Досуева.

Даярдагандар: Нурпери Ратбек кызы, Назира Дүйшөнбекова
Сынак үчүн