Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Чоң-Арык

Терек-Суу айылындагы таза суу маселесин чечүү үчүн 186 миллион сом керектелет

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында таза суу көйгөйү чечилбей келет. Айыл тургундары таза суу менен камсыз болбогонуна нааразы. Кээде булганган кир сууну ичүүгө аргасыз болууда.

Айылга жарыктар коюлуп, кире бериши жасалгаланды

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык  айылынын кире беришине арка орнотулуп, негизги көчөлөрүнө электр жарыктары коюлду.

Чоң-Арыкта балдар күнү белгиленди

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында «1-июнь-эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата майрамдык кече болуп өттү. Кечеге 2 жашатан 12 жашка чейинки бөбөктөр чакырылып, аларга бекер балмуздактар таратылды.

Чоң-Арыктагы трансфарматор качан ишке берилет?

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Ондош көчөсүнө мындан бир жыл мурун жаңы электр трансфаматору орнотулган болчу. Бирок ошондон бери ал ишке бериле элек.

«Тарых жана маданият» жылы Коргол мектеби үчүн кандай болду?

Ар бир жылдын өзүнчө өзгөчөлүгү болгондой эле 2016-жыл Токтогул районунуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Коргол орто мектеби үчүн да ийгиликтүү жылдардан болду.

Беш күндүк окуу системасынынын киргизилишине көз карашыңыз кандай?

Жаңы 2017-жылдын башынан бери орто мектептерде беш күндүк окуутуу системасы киргизилип, мурда алты күн бою окуган окуучулар эми беш күндөн окуп калышты. Бул боюнча Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылынын тургундарынын оюн сурап көрдүк.

Чоң-Арыктын устасы Турусбек Жусупбеков

Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылында кол өнөрчү, усталардын бири Турусбек Жусупбеков. Ал ээр чаап, күрөк, комуз жасайт.

Чоң-Арык айылынын жаштары мечитке акчалай жардам беришти

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын 40тан ашуун жаштары айылдагы мечитке жардам көрсөтүштү. Жаштардан чогулган жалпы 90 миң сом акча каражатынын бир бөлүгү мечиттин ички шарттарын жакшыртууга кеткен.

Чоң-Арыктын аңчысы үч чөөнү малды жеп жаткан жеринен кармап алды

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну Сыргабек Тиленбаев белгисиз бирөөнүн малын чөөлөр талап жеп жаткан жеринен таап, чөөлөрдүн бирин тирүү кармап алган.

Салимбай манасчы Чоң-Арыкта мектеп окуучулары менен маек курду

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын тургуну, манасчы Салимбай Турсунбаев Коргол мектебинин окуучулары менен жолугуп, дил маек уюштурду. Дил маекте жакшы суроо берген окуучуларга Салимбай манасчы өзүнүн алып келген белектерин берди.

Чоң-Арыктын жаш акыны

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 10-классынын окуучусу Айназик Каныбек кызы ыр жаза баштаганына беш жылдай болоюн деп калды. Айназиктин жазган ырларын мектептин мугалимдери дагы жактырып окушат.

Айылдар аралык олимпияда Чоң-Арыкта өттү

Тогуз коргоол, шахмат жана тенис оюндары боюнча алты айыл арасында олимпиада оюндары алгачкы жолу Чоң-Арык айылында болуп өттү. Буга чейин оюндар жыл сайын Терек-Суу айылында өтчү.

Чоң-Арыкта биогаз чыгарган Шаршенбек

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 28 жаштагы Шаршенбек Жеңишбек уулу эки жылдан бери биогаз чыгаруу менен алектенет. Биогаз чыгаруучу жайды ал үч жылда жасап бүткөн.

Чоң-Арыктагы бильярд клубу

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында бильярд клубу ачылып иштеп жатканына беш айдай убакыт болду. Клубду ачкан айыл тургунунун айтымында, оюндун бул түрүнө кызыкккандар көп болууда.

Чоң-Арыкта кышкы каникул кандай өтүп жатат?

28-декабрдан 11-январга чейин мектеп оуучулары жана мугалимдери кышкы каникулга чыгышкан. Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын мектеп окуучулары жана мугалимдери каникулда кандай эс алып жатышат?

Чоң-Арык: Окуучулар ЖРТга кандай даярданып жатышат?

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы №13 Коргол орто мектебинин 11-классынын окуучуларынын Жалпы республикалык тестке (ЖРТ) даярданып жаткан мезгили. Мектептеги көпчүлүк мугалимдердин айтымында, быйлкы бүтүрүүчүлөр тестте жакшы көрсөткүчтөргө жетет.

Чоң-Арык: «Тамашоу» шайыр тапкычтар клубунун мыктысы аныкталды

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргол орто мектебинде «Тамашоу» таймашы болуп өттү. Анда эки команда ат салышып, 1-орунду мектептин 8-классынан түзүлгөн «Универсал» командасы багындырды.

Чоң-Арыкта «Манас таануу» интелектуалдык таймашы болуп өттү

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №13-Коргол атындыгы орто мектебинде окуучулар арасында «Манас таануу» таймашы болуп өттү. Ага эки команда катышып, 8-б классынын окуучулары жеңүүчү болду.

Чоң-Арыкта пенсия кандай таратылууда?

Токтогул районунун Чоң-Арык айылында жалпы 200дөн ашуун пенсионер бар. Пенсияларынын кандай таратылып жатканы боюнча алардан сурап билип көрдүк.

Сурамжылоо: Жаңы шайланган айыл депутаттарынан эмнени күтөсүз?

Токтогул районунун Чоң-Арык айылынын депутаттары 11-декабрь күнү шайланып, жаңы шайланган депутаттардын алдыдагы пландары менен таанышкан элек. Бул материалда айыл тургундары ошол депутаттарды эмнени үмүт кылып шайлаганын сурап көрдүк.

Бейшемби
15 Үчтүн айы 2026
Жамааттык Медиа COVID-19 га каршы

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...