Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 28 жаштагы Шаршенбек Жеңишбек уулу эки жылдан бери биогаз чыгаруу менен алектенет. Биогаз чыгаруучу жайды ал үч жылда жасап бүткөн.
Шаршенбек биогаз чыгарууну интернеттеги маалыматтарды окуп жасоого киришкен. Кандайча бул иш менен алектенип калганын төмөндөгүчө айтып берди.
— Мен бул нерсени өзүм ойлоп тапкан жокмун. Негизинен интернеттен карап жасаганды үйрөнгөнбүз. Бул менин атамдын идеясы болчу. Бул нерсе малдын кыгынан жасалат. Бир чоң бочоктун ичине уйдуе кыгын салып ачытып, анан түтүк аркылуу газ чыгат. Бул газды кадимки үй шартындагы тамак жасаганга колдонсо болот. Күнөсканаларга колдонсо болот. Менин айылга кошкон салымым ушул болсун дейли. Дагы мындан башка нерселерди жасап чыксам деген ойлорум бар.
Айыл тургуну Талант Бейшенкулов азырынча Шаршенбек өндүрүп жаткан газды пайдалана электигин айтат.
— Бул газды азырынча айыл тургундары колдоно элекпиз. Бирок ошентсе дагы угуп отуруп аябай күчтүү, мээси жакшы иштеген акылман болсо керек деп ойлоп койдум. Айылда ушундай талантуулар көбөйүп, айылды алдыга сүрөшсө деген ойдомун.
Даярдагандар: Жайнагүл Бактыбек кызы, Абдыкерим кызыАида
Редактору: Бурулсун Уланбек кызы
Сынак үчүн