2023-жылдын 19-декабрында Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинин мугалими Шайлообаев Керимге Жогорку Кеңештин сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Сыйлыкты тапшыруу үчүн Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Астра Боржуева катышты.
Өз кесибин сүйгөн агай Керим Шайлообаев 40 жылдан бери Турусбек мектебинде иштейт. Ал 1954-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ак-Жар айылында туулган. Үй бүлөлүү, жубайы Бүбүжан Кыдырмаева да, ушул мектепте тарых сабагынан мугалим болуп пенсияга чыккан. Жети баланын 5 кыз, 2 уулдун атасы.
Шайлообаев Керим агай өзүнүн алгачкы ийгиликтери жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүштү.
“Биз мектепте окуган мезгилде сүрөт мугалими жок болгондуктан башка кесиптин мугалимдери эле сабак беришкен. Бир сүрөттү коюп ошону тарткыла деп баарыбызга тапшырма беришти эле, мен жакшы тартсам керек ошондо эжекебиз мага сен келечекте сүрөтчү болот экенсиң деп мактап, мага чоң шык берди. 1961-1969-жылы Жоомарт Бөкөнбаев мектебин бүтүп, 1970-жылы Фрунзе шаарындагы С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында 4 жыл окудум, 1975-1977-жылдары аскердик кызматымды Москва шаарындагы «Тамановский танковый дивизияда” кызмат өтөдүм, 1978-жылы Карл Маркс (азыркы Турусбек) мектебинде иштей баштадым. Менин сүрөттөрүмдү көпчүлүктөр көрүп, ишимди туура баалашып, Райондук билим берүү бөлүмүнүн бир нече громаталарына ээ болдум, 1985-жылы облустук ардак громатасы менен андан кийин райондун ардак тактасында сүрөтүм илинип турду. Өзүм райондук мектептерден биринчи болуп «Графикалык сүрөт” кабинетин түздүм, ошол кабинетти жасалгалаганым үчүн эл агартуунун отличнигине көрсөтүлгөм. Азыркы учурда 20дан ашык окуучум бар облустук жана республикалык биринчиликтерди алгандар дагы бар. Мен сүрөткө кызыкпаганымда мал доктур болгум келчү”, — деди ал маегинде.
Шайлообаев Керимдин адистик чеберчилиги, тажрыйбасы, ошондой эле өз кесибин сүйгөндүгү анын ар бир сабагынын жугумдуу жана натыйжалуулугу сүрөттөрүнөн көрүнүп турат. Керим агай көп жылдар бою райондогу сүрөт жана чийүү секциясын жетектеп, көп салымын кошту.
Керим Шайлообаев агайдын окуучулары төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү.
Медина Турарова — “Кичинекей кезимде ата-энем сүрөт кружогуна алып барганда кызыгып, андан ары улантып кеттим. Сүрөткө 8 жашымдан баштап катышканмын, мени ата-энем колдоп, жардам берип, сүрөткө болгон кызыгуумду арттырып турушат. Мен тарткан сүрөттөрүм менен сынактарга, мектептин иш-чараларына активдүү катышып турам.
Аяна Кадырбаева — “Мен биринчи сүрөткө кызыгуумдун себеби айнектеги гүлдү тартканымда агай мени аябай мактап, шык берген. Бул өнөрүм боюнча районго жана республика боюнча уюштурулган сынактарга барып, байгелүү орундарды алдым. Мен республикалык сынактарга барганымда абдан сонун сезимдер болгон, көптөгөн мактоо баракчалардын ээси болдум. Сүрөттү 12 жашымда тарта баштагам”.
Арууке Эсенбекова, Эльбина Аттокурова.