Чет өлкөдөгү кыргызстандык айымдар кандай жумуштарда иштейт? Бул суроо менен Талас FM Жамааттык Медианын кабарчысы “Тынчтык нуру” клубунун мүчөлөрүнө кайрылды. Окуучулардын айтымында көп учурда миграцияга кеткен кыргыз айымдары бала карап же үй жыйнап эмгектенишет. Мунун башкы себеби чет жакка чыккандардын тил билбегени себеп.
Окуучулар арасында чет өлкөдөгү айымдар бир гана кызмат көрсөтүү тармагында эмектенет деген стереотиптик ойду жоюу максатында окуучуларга “Чет өлкөдөгү ишкер айымдар” аталышындагы презентация көрсөтүлдү. Анын башкы каарманы Махабат Жумабекова. Түркия мамлекетинде өз ишмердүүлүгун жүргүзүп, өлкөгө эмделүүгө барган кыргызстандыктарга жардамын көрсөтүп, котормочулук кылат.
Туркчө, орусча эркин сүйлөгөн Махабат айым бир нече авиакомпанияларда жетекчилик орундарда иштеп, азыркы күнү жеке ишкерлик кылат.
Бул окуяны уккан балдар башка тилдерди үйрөнүү маанилүү экендигин түшүнүп, чет тилдерди үйрөнүүгө умтулаарын билдиришти
Махабат Жумабекованын окуясын шилтемени басып окусаңыз болот.
Айгүл Сакеева