Анаркүл Эсенбаева чөптөрдөн жана гүлдөрдөн экологиялык жактан таза колго самын жасаган “Бугу эне” жамаатынын негиздөөчүсү. Жамаат Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында жайгашкан. Анаркүл Эсенбаева Кыргызстандын аймактарында жашаган аялдардын жана жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана экономикалык бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган “Санарип Инсан” долбоорунун катышуучусу болду.
Долбоордун алкагында «Бугу эне» жамааты социалдык тармактардагы баракчаларын өркүндөтүп, өз кезегинде өндүргөн продукциясын сатууну көбөйттү.
Табигый самындар туурасында кененирээк окуңуз:
Тасма айылындагы ишкер айымдар табигый самындарды жасашат