Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тасма айылында чөптөрдөн, гүлдөрдөн териге пайдалуу натуралдуу самындар жасалат. Алар теридеги түрдүү ооруларга жана сулуулук үчүн да колдонулат. Самындын 10 түрүнөн башка илгерки “Шакар” самыны дагы даярдалган чакан өндүрүш “Бугу-эне” деп аталат. Анда 6 аял эмгектенет.
13 жылдан бери ишкерлик кылып жаткан айымдар бул аралыкта “Ысык-Көл бренд” алганга жетишкен. Учурда өндүргөн продукциялары өлкө аймагында гана эмес, чет өлкөдө дагы сатылат. Аталган ишкананын мүчөсү Айнура Мамытова алгач жамааттын түзүлгөнүн мындайча эскерет.
“2010-жылы мындай жамаат түзүлүп жатканда 20-25тей аялдар чогулганбыз. Башында чөптөрдү жыйнап, иштеп баштаганда ар кандай себептер менен үй жумуштарынан бошобой же башында киреше анча жакшы боло электе четинен кетип отуруп, иргелип, 6 айым гана калдык. Алтообуз башындагы кыйынчылыктарга чыдап отуруп учурда ушул ишкананы иштетип жатабыз”.
Самын жасоонун технологиясын Япониядан келген ыктыярчы үйрөткөн. Айылда өскөн чалкан, эрмен, шыбак, петрушка, календула жана ромашка гүлдөрүнөн ошондой эле чычырканактын майы, абрикостун майынан жасалат. Бетти агартканга эчкинин сүтүн дагы кошушат. Мында эмгектенген Анаркүл Эсенбаева кээ бир кошулмаларды айылдаштарынан сатып алышарын айтат:
“Биз самындарга химикаттарды кошпойбуз. Жалаң натуралдуу өзүбүздө өскөн чөптөр, гүлдөр кошулат. Аларды жыйнаганга айылдаштар дагы жардамга келет. Мисалы, эчкинин сүтүн айылда эчки баккандардан сатып алабыз. Алар ишеничтүү. Ошондой эле гүлдөрдү терип келип бизге өткөрүшөт. Самындар териге пайдалуу экзема, аллергияны кетиргенге жакшы жардам берет”.
Ишкерлер самынга кошулчу чөптөрдү жаз келгенден тарта жыйнап башташат. Аларды жыйнап, кургатып самындарга кошушат. Кээде сууга чылап маңызын кошсо, айрымдарына порошок түрүндө кошулат. “Бугу-эне» самын жамаатында иштеген Майрамкүл Мураева жаз-күз айларында чогултулган чөптөр кийинки жылга чейин жетерин билдирди:
“Эң алгач чалкан чөбү даяр болот. Бул самын аллергияга жана чачка жакшы. Июндун ортосу менен чалканды жыйнап алабыз. Июлда ромашка, календула гүлдөрүн жыйнайбыз. Шыбакты августта жыйнайбыз. Андан ары күзүндө эрмен, ала бата чөптөрү даяр болуп калат. Ошентип бир жылга жеткендей кылып сактап алабыз.”
Самындарды жасоодо бардык жумуш колго жасалат. “Бугу-эне” самын жамаатынын мүчөсү Майрамкүл Шабданова самындар 1 айдан кийин даяр болорун айтып берди.
“Алгач бардык кошулмаларды бөтөлкөгө куюп, аралаштырып чайкап алган соң, 2-3 күндөн кийин кесип такталарга тизип кургатабыз. Самындар бир айдан кийин даяр болот. Аларды ороп өзубүздүн эмблемаларды чаптап сатыкка чыгарабыз. Каракол, Бишкек шаарларында сатылат. Андан сырткары өзүбүз менен байланышып түз алып кеткендер дагы бар».
Бугу-эне” самын жамаатында япон технологиясы менен жасалган 10 түрлүүү самын жана 3 түрлүү кремден сырткары илгерки “Шакар” самыны дагы жасалат. Анын жасоо жолун айылдагы энелерден үйрөнүшкөн. Шакар самынын жасоо жолу татаал жана убакыт керектелет.
“Шакар самыны бардык жара, тери ооруларын айыктырат. Мурда биздин ата-бабалар бул самынды жасап колдонуп келишкен. Биз дагы муну уланталы деп үйрөнүп жасап жатабыз. Ала бата, эрмен чөптөрүн өртөп күлүнөн парошок жасап аны эчкинин майына кошуп жасайбыз.”
«Бугу-эне» самын жамааты “Бир айыл – бир продукт” JICA долбооорунун алкагында уюушулган. 13 жылдан бери экологиялык жактан таза самындарды жасап ишкерлик кылып келишет.
Ишкер айымдар тууралуу бул макалаларды дагы окуңуз:
Койдун жүнүн кайра иштетип ишкерлик кылган айымдар
Мен жасаган сырлар мага гана эмес элге дагы “майлуу, сүттүү” болсун
Айгерим Кубатбекова