Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылынында кой жүнүнөн түрдүү буюмдарды жасаган чакан өндүрүш ишканасы бар. Алар жүндөн кийиз өтүк, сумка, моюн орогуч, баш кийимдерди жана аксессуарларды жасашат. Табигый жол менен колго жасалган буюмдар Кыргызстанда гана эмес чет өлкөлүктөрдүн дагы кызыгуусун жаратууда.
Тасма айылынын тургуну ишкер айым Гулжамал Байботоева 17жылдан бери бул иш менен алектенип келишерин айтат. Буга чейин кийиз, жер төшөк, жууркандарды гана жасап келишсе, эми жергиликтүү койдун жүнүн кайра иштетип, андан ар кандай буюмдарды жасаганды мыкты өздөштүрүштү.
Эң алгач бул иш 40жыл мектепте мугалим болуп иштеген Урумкан Рысалиеванын демилгеси менен айыл өкмөтүнүн колдоосунда уюштурулган. Алгач айылдагы аялдарды бириктирип “Ак-Шоола” уюму ачылган.
“Бул жумуштарды андан өркүндөтүүгө Япониянын JICA уюму жардамга келди. Алардын уюштурган семинар, тренингдери сапаттуу буюмдарды стандартка ылайык өндүрүүгө үйрөттү.”
“Ак -Шоола”- жамааты өндүргөн кол баштыктар
Элеттик айымдар өндүргөн продукт колго жасалганы, табийгый жана сапаттуу болгону менен айырмаланып турат. Алар JICA уюму аркылуу нукура таза эч кандай кошулмасы жок жүн боекторду алып, жүндөрдү боеп өндүрүүнү дагы өздөштүрүп алышкан.
“Бул иш Кыргыздар менен тээ илгертен эле келе жаткан нерсе. Биздин ата-бабаларыбыз, ууз энелерибиз жасап келишкен кийизчилик, жүн иштетүү биздин каныбызда бар. Малсыз кыргызды элестеткенге болбойт ал эми мал багуу эркектердин иши болсо, койдун жүнүн сүтүн, бээнин сүтүн иштеткендин баары аял кишиге ургаачыларга таандык.”
Учурда аталган уюмда сегиз аял иштейт. Айыл жеринде ишкер айымдардын болуусу көңүл кубантат.
“Айылда бир аз болсо дагы кошумча каражат табуу өтө жакшы нерсе социалдык-экономикалык жактан үй-бүлөдө тыгын таям болот. Анткени балдары бүтүн кйинет. Мектепте, бала бакчада эмне талап болсо ошону сатып бере алат. Биз айлык кирешени болжол менен эсептесек 4-5 миңдин түзөт. Бирок, бул айылда чоң эле акча. Бир топ керекке жарап, берекелүү болот.”-деп билдирди Гулжамал Байботоева.
Ишкер айымдар үй бүлөлүк бюджетти кандай пландайт?
Карьера жана үй бүлө. Көп балалуу ишкер айымдардын ийгилик сырлары
Психологдон кеңеш: Жолдошум, кайын журтум карьерама каршы
Айгерим Кубатбекова