Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан Жаңы-Жер орто мектебинде Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Айтматов-аалам алпы” аталышындагы маданий иш-чара өттү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып, айылдагы мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан уюштурулду.
Аталган иш-чара Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү менен башталып, андан соң кыргыз тилчи мугалимдер менен окуучулардын катышуусунда даярдалган театрлаштырылган сценкалар көрсөтүлдү.
Жаңы-Жер орто мектебинде өткөрүлгөн маданий иш-чарага кадырлуу коноктору катары айыл өкмөтүнүн администрациясы, №43-кесиптик лицейдин мугалимдери, активдүү айыл тургундары чакырылды.
«Залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата өлкөбүздө жана билим ордосу болгон мектептерде, дегеле мамлекеттик маанилүү иш- чаралар жогорку деңгээлде белгиленип келет. Бүгүнкү биздин мектептеги иш- чара Ч. Айтматовго арналган иш чаралардын жыйынтыктоочу бөлүгү десек дагы болот. Мен бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык окуучуларыма ыракматымды айтып, ыраазычылык билдиремин. Бул күн улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнө майрамы десек дагы болот. Себеби, мамлекет өз инсанын кастарлап, даңазалап жана муундан – муунга жеткирүүгө болгон аракеттерин жумшап жатат. Мындай аракеттер жазуучунун өлбөс- өчпөс чыгармаларын, андагы гуманисттик идеяларды жайылтууга, келечектеги жаш педагог муундарга жазуучунун көркөм мурастарын илимий жактан изилдөөгө, таанып билүүгө жана руханий-интеллектуалдык тажрыйба топтоого негиз берет деп ишенем», деп билдирди иш-чаранын уюштуруучусу, мектептин кыргыз тилчи мугалими Эльмира Корголова.
Салтанаттуу иш чарада Чынгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган ырлар, театрлаштырылган сценкалар жана чыгармалардын негизинде коюлган тасмаларга арналган ырлар аткарылып, Ч.Аймтовго арналган сүрөт көгөзмөсү менен коштолду.
Ал эми сахнанын жасалгасы окуучулар менен биргеликте мектептин кыргыз тилчи мугалимдери тарабынан даярдалды. Мектеп окуучулары айткандай, мугалимдер менен биргеликте чогуу иштөө жана иш чараларга даярдануу аларга шык берип сабакка кызыгуусун арттырат.
Жаңы-Жер айылынын ардактуу аксакалдары, өз демилгелери менен мектеп жамаатындагы кыргыз тилчи мугалимдердин уюштурган иш чарасын колдоо максатында демөөрчү болушуп, окуу куралдарын тапшырышты. Андан сырткары мектеп окуучулары, келечек муундарга акыл насаат сөздөрүн айтышып, жакшы ой тилектерин билдиришти. Буга карата мектеп директору Меделкан Шеримбеков айылдын ардактуу аксакалдары Төлөнбек Жумабеков, Ахмед Резехановдорго ыраазычылык катын тапшырды.
Турсун Омуралиева