Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында бильярд клубу ачылып иштеп жатканына беш айдай убакыт болду. Клубду ачкан айыл тургунунун айтымында, оюндун бул түрүнө кызыкккандар көп болууда.
Айыл тургуну Майрамкүл Тогузбай кызы өткөн жылдын сентябрь айында бильярд клубун ачкан. Бильярдкана ачылгандан бери жакшы киреше таба баштаганын айтат ал.
«Биз бул бильярдкананы жалпы жети айдын ичинде толугу менен бүтүрдүк. Баардыгы биригип 17 миң сомдой акча кетти. Эртең мененки саат 9дан баштап, түнкү 12ге чейин иштетебиз. Ар бир киши башына 1 саатка 70 сомдон төлөнөт. Бир күндө ондон ашуун киши келет. Арак ичип алып мас болуп келгендерди киргизбейбиз. Ичинде эки стол бар», — деп айтып берди Тогузбай кызы.
Айрым айыл тургундары мындай оюнканалар уруш-талаш жана чыр-чатактардын булагы болуп эсептелет десе, кээ бири бул пикирге макул эмес.
Бүзина Жолдошова «Ал жакка барып ойной турган эки балам бар. Уруштун деле болушун каалабаймын, ал нерсе ошол оюнканага барган кишилердин өзүнөн эле көз каранды» деген оюн айтты.
Мектеп окуучусу Нуртилек Нышанбай уулу «Бильярдкана ачылгандан бери алты жолу бардым, барган сайын уруш-талаш дегенди деле көрбөптүрмүн. Баасы болсо кымбат деле эмес» деди.
Даярдагандар: Абдыкерим кызы Аида, Бактыбек кызы Жайнагүл.
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн