28-декабрдан 11-январга чейин мектеп оуучулары жана мугалимдери кышкы каникулга чыгышкан. Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айлынын мектеп окуучулары жана мугалимдери каникулда кандай эс алып жатышат?
Коргол мектебининин 8- классынын окуучусу Туратбек Максатбек уулу:
— Менин каникулум кызыктуу болуп жатат. 14 күндүк каникул ичинде мен апама жардам берип жатам жана киеп окуп кызыктуу күндөрдү өткөрүп жатамын.
Мектетин китепкана башчысы Супайра Жусупбекова:
— Бизге берилген каникулда мени үй иштери менен алек болуп, көп жумуштарымды бүтүрүп жатамын. Өзүбүз да үй-бүлөбүздө баарыбыз мектепте жүргөн адамдарбыз. Жолдошум дагы мектепте дене тарбия мугалими болуп иштейт. Өзүм болсо эртеден кечке чейин мектепте боломун, бир кыз, бир балам бар, алар экөө тең мектепте окушат. Берилген кышкы каникулда баарыбыз эс алып жатабыз.
Даярдаган: Бексултан кызы Арууке
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн