Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Советбек Жээналиев 2014-жылдан бери бул кызматта иштеп келет. Бул убакыт аралыгында аткарган иш аракеттери жана мындан кийин бул кызматта эмгектенүүнү каалайбы-жокпу, маегибизден таанышыңыз.
Саламатсызбы! Айыл өкмөт башчы болуп дайындалганыңызга канча жыл болду?
— Саламатчылык! Менин айыл өкмөт башчы болуп дайындалганыма туура үч жылдын жүзү болду. 2014-жылдын 16-январдан бери иштеп келе жатамын.
Сиз өкмөт башчы болуп дайындалгандан бери эки айылда эмне өзгөрүүлөр болду?
— Мен айыл өкмөтү болдгондон бери биринчиден, айыл өкмөтүнүн иштөө тартиби жакшырды. Ошонун эсебинен башында жергиликтүү кеңештин киреше бөлүгү 1 млн 729 сом болсо, учурда 2 млн 625 сомго жетти.
Жаңы айыл өкмөт башчысы болоордун алдында кандай иштерди жасайм деген планыңыз бар эле? Алардын канчасы иш жүзүнө ашты жана канчасын ишке ашыра албай калдыңыз?
— Айыл өкмөтү болоордун алдында, инвестиция таратуу боюнча жумуштарды аткарам дедим эле, анан ошол жумуштарды аткарып жатамын. Ал эми алардын канчасы ишке ашып канчасы ишке ашпай калганын санай турган болсом: инвестиция тартуунунун жолу менен Кырк-Казык айылына 1 км жерге электр линиясы менен жаңы трансформатор коюлду. Терек-Суу айылында таза суу маселеси чечилди, Кызгалдак балдар бакчасынын жылуу суу, муздак суу жана канализация тармагы оңдолду. Айылдардын ички жолдору оңдолду. Ал эми ишке ашпай калганы — бул Чоң-Арык айылына бала бакча куруу маселеси болду.
Айыл өкмөттук мөөнөтүңүз бүткөндөн кийин дагы өкмөт башчы болсом деген оюңуз барбы?
— Эгер депутаттар жана айыл тургундары ишеним көрсөтсө, мен дагы деле иштеп бергенге даярмын.
Маегиңизге чоң рахмат!
Маектешкен: Бексултан кызы Арууке
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн