Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө улак болуп өттү. Ага жалпы тогуз команда катышып, Арбын 1 курамасы баш байгени багынтты.
Улак тартышка Ак-Булак, Арбын 1, Арбын 2, Кыргыз-Ата, Исанов, Кеңеш, Шаңкол, Как, Кара-Кой командалары катышты. Бул командалар кезек-кезеги менен улак уюштуруп келишет. Мунусунда оюнду Арбын 1 командасы уюштурду.
Жыйынтыгында Арбын 1, Как, Кыргыз-Ата, Шаңкол командалары финалга чыгып, Арбын1 1-орун, Как 2-орун, Кыргыз-Ата 3-орун, Шаңкол 4-орун болду.
Орунга жетишкен командаларга сыйлыктар, медаль, мактоо баракчалары берилди. 1-орунга тай, 2-орунга кой жана акча, 3-орунга эчки жана акча, 4-орунга эчки берилди.

Арбын 1 командасынын капитаны Бакыт Алибаев эки жылдан бери топту жетектеп, командадагы оюнчуларды уюштуруп, тайгазан куруп машыктырып келет. Айтымында, оюнда тартип бузуулар болгон эмес.
«Эки жылдын ичинде жакшы эле ийгиликтерге жетиштик, Ноокат районунда болуп өткөн улактарда балдар көбүнчө 1-орунду ээлешет, Ноорузда Ошко барганбыз, кудай буйруса быйыл да барабыз», — деди Алибаев.

Как командасынын оюнчусу Абдырахман Мыктарбек уулу «Бизди эч ким жетектебейт, биз кырлардын ортосунда жашайбыз, өзүбүз эле уюшуп ойноп келебиз. Бул оюн жакшы экен, мындан ары да калтырбай ойнойбуз, кудай буйруса» деген оюн айтты.
Жеңүүчү топтун чабуулчусу Дайырбек Нурдинали уулу командада эки жылдан бери ойноп келээрин айтат. «Биз уткан ийгиликтерибизге жыл сайын жайындасы командабыз менен биргеликте эс алууга барабыз», — деди ал.
Даярдаган: Зарина Нурдинали кызы
Редактор: Дильнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн