Ноокат районуна караштуу Арбын айылында жашаган жалгыз бой эне Буажар Адыгенееванын үйү эскилиги жетип, жер титирөөдөн кийин кооптуу абалга кептелген. Ал эч кандай жардам көрсөтүлө электигин айтат.
Буажар Адыгенееванын эки уул, эки кызы бар, ал эми жолдошу жети жыл мурун каза болуп калган.
Иштейин десе айылда жумуш жок, башка жакка барып иштеп келейин десе балдары кичинекей, аларды таштап кете албастыгын айтат.
«Жеген-ичкенибизге азык-түлүктөрдөн макарон, ундарды берип жатышат, бирок үй жагынан жардам бериле элек», — деди Адыгенеева.
Арбын айылынын башчысы Асан Кадыров жалгыз бой энеге өкмөт тарабынан үй салынаарын айтты.
«Жардам берип турабыз, үй салып беребиз. Колунда бар адамдар материалдык жактан жардам беришет. Усталар болсо бекер бүтүрүп беребиз дешти. Айыл өкмөт акча бөлүп берет канча бөлөөрү депутаттарга байланыштуу», — деп билдирди Кадыров.

Адыгенеева болсо буга чейин айыл өкмөткө кайрылганын жана кыш келгенге чейин башка жакка көчүрүп тураарын айтышканын, бирок эч жакка көчүрүлө электигин билдирди.
«Айыл өкмөтү ӨКМ менен келип көрүп, таш төгүп кеткен 2016-жылы. Ошодон бери турат эч нерсе болбой. Айыл өкмөт да, айыл башчы да кабар албайт. Айыл башчы ӨКМ менен кошулуп бир жолу келген, андан бери келбеди», — деди ал.

Арбын айылынын депутаты Турсунай Кадырова «Буажар Адыгенееванын үйү боюнча бюджет карала элек. 2016-жыл бүттү, эми 2017-жылда марттан баштап бюджет каралат. Февралда изилденет, долбоорлор жазылат, анан мартка барып сессияда бөлүнөт» деп билдирди.
Автору: Зарина Нурдинали кызы
Сынак үчүн
ДА