Лейлек районунун борбору Исфана шаарында жайгашкан «Лейлек дыйкан базары» оңдолуп бүттү. Ал жерде иштеп жүргөн соодагерлер базар күйүп кеткенден кийин көчөдө соода кылып жатышкан.

Базар күз айларында оңдолуп, ноябрдын башында ачылган. Дыйкан базарынын соодагери Тунугай Толукбаева өрттө 300 миңден ашык зыян тарткан. Ишин улантуу үчүн ал кредит алганын айтат.

«Магазиним күйүп кеткенден кийин ишим жүрбөй калды. Анан кредит алып кайра иш баштадым. Магазиндин ээсине тез оңдоп бергени үчүн ыраазычылыгымды билдирем», -деди Толукбаева.

Бул базар мурда бир эле кабат болсо, азыр үч кабат болуп курулууда. Азыр анын 1-эле кабаты колдонууга берилди. 2-3-кабаттары жай айында курулушу башталат.

Базар 20-майда таң эрте күйүп кеткен эле. Базар оңдолуп бүткөнчө адамдар көчөдө соода кылып келишкен.
Даярдаган: Жумагүл Кудаяр кызы
Редактору: Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн