Нарын районунун Куланак айылында Талгатбек Жусуповдун жаркын элесине арналган шахмат мелдеши болуп өттү. Аны Жусуповдун балдары жана кыздары каржылап демөөрчү болуп беришти.
Талгатбек Жусуповдун кызы Айгүл Жусупова мелдешти кызыктуу кылып өткөрүү үчүн колдон келген аракеттерин көргөнүн айтат.
«Биз колубуздан келишинче байгелерди коюп, мелдешти болушунча кызыктуу кылууга аракет кылып жататбыз. Дагы да мындай мелдештерди өткөрөбүз деген ойдобуз», — деди Жусупова.

Оюнга жалпы 30дан ашык катышуучу катталып, бирок мелдеш 12 оюнчунун арасында өттү. Куланактын көп жолку жеңүүчүсү Калманбет Колункулов бул мелдешке быйыл да катышып олтурат.

«Биз да агайдын тарбиясын көргөнбүз, жакшы сөздөрүн укканбыз. Шахматты мен 1971-жылдан 10-класс кезимде үйрөнүп, ошондон бери ойноп келем. Куланак айылынын жеңүүчүсү болдум жана студенттер арасында көптөгөн байгелерге жетиштим. Буга чейин дагы агайдын элесине арналган мелдештер көп жылдан бери болуп келет, алардын да эки жолку жеңүүчүсүмүн», — деп айтып өттү Колункулов.
Оюндун дагы бир катышуучусу, айыл тургуну Алымбек Жолбунов Талгатбек Жусупов тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

— Ал көп жыл мектепте эмгектенип, мектептин директору болгонго чейин жетишкен. Бүгүн ошол Талгатбектин жаркын элесине арнап кыздары, балдары демөөрчү болуп оюн өткөрүп жатышкан экен, келип катышып жатам. Мен шахматты абдан жакшы көрөм, кээде неберелерим менен ойнойм. Мындай мелдештер көп болуп турса жаштардын акыл эсинин өрчүшүнө жакшы салымын кошмок.
Автор: Мырзайым Айдарбекова
Тренер: Ырысбай Адамалиев
Сынак үчүн