Бүгүнкү каарманым спорттун бир түрү боюнча бир катар ийгиликтерди жаратып келет. Нарын районунун Куланак айылынын кичинекей тургуну жакында эле Иран мамлекетине барып келди.
Ардак Русланов учурда 13 жашта. Спортко 9 жашынан бери кызыга баштаган. Бул чөйрөгө атасынын таасири менен келгенин айтат.
— Ошондон бери күрөш менен тынбай машыгып келем. Сабактан тышкары убакытымдын көп бөлүгүн күрөшкө арнайм. Күрөштүн аркасы менен ийгиликтерге жетиштим. Кыргызстандын көптөгөн аймактарын кыдырдым. Былтыр Казакстанга да барып келип, байгелүү орундарды камсыздадым. Ал эми мен үчүн эң негизгиси — бул Иран мамлекетине барганым болду.
Турнир 11 мамлекеттин арасында өткөн. Кыргызстандан жалпы тогуз бала турнирге катышкан. Куланак айылынан Ардак менен Таалайбек Бейшенбек уулу барган.
— Кичинекей кезимде күрөшчү болуп, көптөгөн мамлекеттерди кыдырсам деп кыялданчумун. Тилегим акырындап аткарылып жатканына кубанам. Иранда төт күн болдук. Алар бизди жылуу тосуп алып мейманканага алып барышты. Биринчи күнү таразага түштүк. Кийинки күндөрү болсо мелдеш болду. Биздин өлкө менен Ирандын айырмачылыктары бир топ экен. Мисалы алардын сааты Кыргызстандыкынан эки жарым саатка артта болсо, жаратылышы жагынан чөлдөр басымдуулук кылат. Анан дагы биздикиндей тоолоруда бар, бирок жапыз экенин байкадым.
Ардактын айтымында, бул турнирде биринчиликти Ирандын спортчулары багынткан. Ал эми кыргыз курамасы командалык баскычта 5-орунду алган.
— Буюрса жазында Түркияда жана Орусияда өтө турчу турнирлерге тренерим Назек Масалиев менен даярданып жатабыз.
Жашы 13тө гана болсо да күрөш боюча канчалаган ийгиликтерди багынтып, чет мамлекеттерге чейин чыгып, Кыргызстандын желегин желбиреткен Ардактын мындай аракети кубандырбай койбойт. Алдыда боло турчу мелдештерде да ийгиликтүү катышып келишин каалайбыз.
Сүрөттөр Ардактын өздүк архивинен алынды.
Автор: Самара Рыскелди кызы