Лейлек районуна караштуу Сары-Дөбө айылынын 87 жаштагы тургану Жусуп чоң ата 62 жылдан бери айдоочулук менен алектенип келет.
Жусуп чоң ата 1930-жылы туулган. Ал жаш кезинде Сүлүктүдө машина айдаганды үйрөнүп, ошондон бери айдоочулук менен алектенет. «Учурда машина айдоо кыйынчылык туудурбайт», — дейт каарманыбыз.

— Мен машина айдаганды Сүлүктү шаарында атайын төрт айлык окууда үйрөнгөм. Алгач мамлекеттик колхоздун машинелерин айдап иштегем. Андан кийин өзүм машина алгам. Машина айдаган мага аябай жагат.
Даярдаган: Мадина Болотбек кызы, Динара Таштанова
Редактору: Аймир Каныбекова
Сынак үчүн