Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн депуттары өздөрүнүн төрагасын жана жардамчысын 6-январь күнү шайлап алышты. Шайлоо жабык добуш берүү менен өтүп, Расул Азимов төрага болуп шайланып, анын жардамчысы Анвар Камалов болду.
Сумбула айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасын жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мыйзамынын негизинде жергиликтүү кеңештин депуттатары өздөрүнүн төрагасын жана анын жардамчысын шайлашты.
Төрагалыкка Расул Азимов жана Акбар Ашимов көрсөтүлгөн. Шайлоо жабык добуш берүү менен өтүп, 21 депутаттын ичинен 18и Расул Азимовго берсе, үч депутат Акбар Ашимовго өз добуштарын беришкен.
Бул боюнча Сумбула айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Абдираим Жороевди кепке тарттык.

“Бүгүн Сумбула айылдык кеңешинин 6-чакырылыштагы биринчи уюштуруу сессиясы болуп өтүп, айылдык кеңеши өз төрагасын шайлап алды. Шайлоо ачык-айкын өтүп, жакшы болду», — деп билдирди Жороев.
Кошумчалай кетсек, 11-декабрь күнү жергиликтүү кеңештин депуттарын шайлоо күнү болгон. Анда жалпысынан Сумбула айыл өкмөтүнө 21 депутат шайланып алынган.

Даярдаган: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн
АК