Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы борбордук көчө толугу менен асфальт төшөлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Сумбула айыл өкмөтүнүн эсепчиси Бахтияр Жороев билдирди.
Анын айтымында, Финансы министрлигинин түрткү берүүчү грантына долбоор жазылып жиберилген.
Буга чейин Андарактын борбордук көчөсүнүн 650 метри асфальт менен төшөлгөн болчу. Ал Финансы министрлигинин түрткү берүүчү грантынын каржылоосу менен ишкен ашкан.

Учурда жолдун калган 600 метринен 142-чакырымына чейинки аралыгын асфалттоо боюнча жалпы суммасы 3 284 427 сом болгон долбоорду мамлекеттик финансы министрлигинин түрткү берүүчү грантына жиберишкен.

«Долбоорду жибергенбиз, азыр долбоор райондук финансы бөлүмүндө конкурстук баалоо коммиссиясында каралууда», — деп билдирди Жороев.

Буга чейин 650 метрге төшөлгөн асфальт үчүн 300 миң сом айыл өкмөт бөлүп берген болсо, 2 446708 сом Финансы министрлигинин түрткү берүүчү гранты менен каржыланган.
Даярдаган: Нурсейит Төлөнбай уулу
Сынак үчүн
АК