Талас областындагы Манас көчөсүндө жайгашкан «Манас» универмагында 6-январь күнү таңкы саат 6:13тө өрт чыгып, саат 09:57 чамасында толук өчүрүлгөн.
Өрттүн жалпы аянты 300 чарчы метрди түзгөн. «Манас» универмагынын жанында жайгашкан эт сатуучу жана кийим сатуучу павильондор дагы күйүп кеткен. Күбөлөрдүн айтымында, өрт 2 сааттай күйгөн.
Талас шаардык өрткө каршы кызматкерлеринин башчысы, полковник Аманбек Иманалиев:
Сатуучунун айтымында, жарым миллион сом чыгым болгон.
Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Кабарчы: Камчыбекова Рахат