Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Ондош көчөсүнө мындан бир жыл мурун жаңы электр трансфаматору орнотулган болчу. Бирок ошондон бери ал ишке бериле элек.
Аталган көчөнүн тургундары бир трансформатордон электр тогун алгандыктан, ток жетпей дагы бир трансформатор орнотушкан. Бирок жаңы орноткон трансформатор азыркы күнгө чейин ишке берилбей келет. Анда жашаган 20дай үй-бүлө бир трансформаторго туташкандыктан токтун аз келип атканын айтышат.
Буга чейин да көчө тургундары чогулуш өткөрүшүп, эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Бүгүн дагы бир чогулуш болуп, ага айыл депутаттары да катышты.
«Электр жарыгы аябай начар иштейт. Эми бул трансфарматор иштеп калса аябай жакшы болмок эле. Бүгүн чогулуш болсо дагы эч нерсе чечилген жок. Бул трансфарматорду эл өзү койгонбуз. Качан иштей баштайт билбейм», — дейт айыл тургуну Зарлык.
Бул туурасында Кетмен Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Жээналиевге кайрылганыбызда, ал бул маселенин райондук деңгээлде чечилээрин билдирди. Айтымында, бул трансформатор элдин акчасына атайын Токтогул райондук фонду аркылуу алынган.
«Биз аны орноттук. Айыл өкмөтүнүн өзүнүн закону боюнча, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок элди электр энергиясы менен камсыз кылуу бул айыл өкмөтүнүн жоопкерчилигине кирбейт. Бул маселе менен биз Токтогул электр башкармалыгына кайрылганбыз. Трансформатордун качан ишке берилээрин ошолор чечип бериши керек», — деп билдирди Жээналиев.
Даярдагандар: Сыргабай кызы Нуриза, Бактыбек кызы Жайнагүл.
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн