Ар бир жылдын өзүнчө өзгөчөлүгү болгондой эле 2016-жыл Токтогул районунуна караштуу Чоң-Арык айылындагы Коргол орто мектеби үчүн да ийгиликтүү жылдардан болду.
Коргол атындагы орто мектебинин директору Базарбек Раманкуловдун билдиришинче, «Тарых жана маданият жылында» окуучулар олимпиадада жакшы көрсөткүчтөргө жетип, спорттук мелдештерде ийгиликтерди жараткан.
— Чындыгында былтыркы жыл абадан жакшы жылдардан болду. Биздин мектептин окуучулары олимпиадаларда дагы жакшы ийгиликтерди жаратышып, эң акыркы эле орун болгону 3-4-орун болушту. Спорт жаатында дагы эң жакшы ийгиликтерди жаратып жатышты. Чыңгыз Айтматовдун залын ачтык. Мектептин жасалгасы эң жакшы деңгээлде бүтүрүлүп, зоналык мектептер арасында биринчи орун болду. Райондук билим берүү башчысы «эң мыкты» деген баа берип кетти. Мектептин жылуулук берүү системасы жакшыртылды. Мектебибиздин ашканасы толугу менен оңдөп түзөөдөн өттү.
Мектеп директорунун орун басары Кыял Иманкулова «Тарых жана маданият» жылында мектепте көптөгөн иш-чаралар уюштурулганын айтып өттү.
— Кыргызстандагы белгилүү инсандардын 100 жылдык, 1000 жылдык мааракелери өткөрүлүп, Үркүндүн 100 жылдык маарекесине карата өткөрүлгөн «Тарыхта калган кара тактар» аттуу сынак өткөрүлүп, зоналык жарышта 1-орун болуп, райондук мелдеште эң жакшы денгээлде катышып, «эң мыкты монолог» жана «эң мыкты көркөм окуу» номинациясын алдык.
Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнагүл, Аида Абдыкерим кызы.
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн