Жаңы 2017-жылдын башынан бери орто мектептерде беш күндүк окуутуу системасы киргизилип, мурда алты күн бою окуган окуучулар эми беш күндөн окуп калышты. Бул боюнча Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылынын тургундарынын оюн сурап көрдүк.
Чоң-Арык айылындагы Коргол мектеби да беш күндүк окуу системасына өттү. Жаңы системага айыл тургундарынын кээ бири каршы болсо, айрымдары жаңы системанын иштеп калышын каалашат.
Коргол мектебинин директорунун орун басары Кыял Иманкулова:
— Мен мындай окутуу системасына каршы деле эмесмин. Албетте, бул деген жакшы, беш күн окуп, эки күн эс алабыз. Окуучулар үчүн да, мугалидер үчун да абдан жакшы шарт десем болот. Ал эми бир гана 9-класстар окуй турган болуп жатат. Бирок бул нерсеге кээ бир мугалимдер каршы. Ошондуктан бул толук чечиле элек.
Мектептин 9-классынын окуучусу Элнура Таласбек кызы мындай окутуу системасын жактырганын айтат.
— Бирок, бардык мектептин окуучулары беш күнгө чейин окуп, 6-7-кундөрү окушпайт экен. Ал эми бир гана 9-класстын окуучулары ишемби күнү окушат экен. Бизди деле беш күндүк окутуу кылса болмок.
Чоң-Арык айылынын тургуну Гүлнара Бердалиева бул беш күндүк окутуу системасынын пайдасы көп экенин айтат.
— Негизинен бул нерсени жакшы кылышты. Балдарыбыз ишемби күнү үйдө болуп калат экен. Пайдасы — ошол эки күндө көп нерсеге жетишишет.
Даярдагандар: Бактыбек кызы Жайнаүл, Аида Абдыкерим кызы.
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн