Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылында кол өнөрчү, усталардын бири Турусбек Жусупбеков. Ал ээр чаап, күрөк, комуз жасайт.
Турусбек Жусупбековдун жашы 60ка чукулдап калды. Анын жасаган шаймандарын бир эле Чоң-Арыктын эмес, кошуна айылдардын тургундары дагы келип алып кетишет.
Жасаган ээрлердин ар бирин ал 4500 сомдон жогору баалайт.
«Мага бул кесип чоң аталарымдан калган. Илгери менин чоң аталарым ушундай шаймандардын түрлөрүн жасап сатышчу экен. Бул мен жасагандарды бир эле айылдын тургундары эмес, көбүнчөсү Жаңы жол тараптан келип алып кетишет», — деп билдирди Жусупбеков.
Устанын айтымында, бир ээрдин жасалышына төрт айдай убакыт кетет. Ал бизге ээрдин жасалышын кыскача төмөнкүдөй баяндап берди.
«Бул ээр аябай кыйын жол менен жасалат. Биринчи, бул жыгачты аябай кургатып туруп, анын формасын чабат. Анын сыртына бодо малдын териси капталат. Уйдун терисин туздуу сууга чылап, анан кургатып, анан ээрдин сыртына каптап мык менен кагып катырып, анан даяр кылабыз. Эң эле эрте бүткөнү төрт айда бүтөт. Ал эми баасы туурасында айтсам бир ээрди 4-5миң сомго сатабыз», — деп айтып берди ал.
Даярдаган: Арууке Бексултан кызы
Редактору: Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн